Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери чет элдик студенттер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү
14 март

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери чет элдик студенттер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Алдын алуу иш-чаралардын алкагында Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгы менен биргеликте Эл аралык Жогорку медицина мектебинин студенттери менен түшүндүрүү жолугушуусун өткөрүштү.

Жолугушууга 400гө жакын чет элдик студент катышты. Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын, чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында жүрүү тартибин түшүндүрүп, ошондой эле коомдук тартипти сактоо зарылдыгын эскертишти.

Студенттерге мыйзам бузууларга жол бербөө керектиги, анын ичинде саат 22:00дон кийин ызы-чууга тыюу салган «тынчтык жөнүндө» мыйзамды сактоо зарылдыгы эскертилди. Ошондой эле мүмкүн болгон чыр-чатактардан алыс болуу жана коомдук жүрүм-турум нормаларын сактоо сунушталды.

Кандайдыр бир чыр-чатак же башка окуялар орун алган учурда студенттерге 102 номери аркылуу ички иштер органдарына кайрылуу сунушталды.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы чет элдик студенттерди Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүргөндүгүн жана инсандыгын тастыктаган документтердин түп нускаларын (паспорт, окуу визасы жана каттоо талоону) дайыма өздөрү менен алып жүрүүгө чакырат. Ошондой эле миграциялык мыйзамдардын талаптарын сактап, мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгү менен алектенбөөгө үндөйт.

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы борбор калаада коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоого багытталган профилактикалык иш-чараларды мындан ары да улантат.