Бишкектин айрым көчөлөрүндө үч күнгө жол кыймылына чектөөлөр киргизилет
Бишкектин айрым көчөлөрүндө 2026-жылдын 4-июнунан 6-июнуна чейин унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны өтөт.
Иш-чара мамлекеттик деңгээлде чет өлкөлүк делегациялардын катышуусунда өткөрүлөт.
Буга байланыштуу Бишкек шаарында жолдун айрым тилкелеринде убактылуу транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилет. Чектөөлөр төмөнкү маршруттар боюнча каралган:
- Фучик көчөсүнөн Васильевский трактына чейин («Манас» эл аралык аэропортунун жолу);
- Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин;
- Манас проспектисинен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин;
- Байтик Баатыр көчөсү.
