Ошто үч жаран жолдо бараткан кыз-жигитти ур-токмокко барып, акча талап кылышкан
Ош ШИИБ
11 август

Ошто үч жаран жолдо бараткан кыз-жигитти ур-токмокко барып, акча талап кылышкан

Ош шаарында жарандарга зомбулук көрсөтүп, ур-токмокко алган үч жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 15-июлунда Ош шаарынын тургундары — 2008-жылы туулган Д.З., 2004-жылы туулган Н.М. жана 2005-жылы туулган Ю-ва М. Ош шаарындагы А.Навои көчөсү менен автоунаада бара жатып, жол боюнда бара жаткан кыз тааныштарын көрүп калышкан.

Автоунаада бара жаткан Д.З.нын демилгеси жана талабы менен үчөө унаадан түшүп, жолдо бара жаткан кыз-жигитти ур-токмокко алышкан. Ошондой эле алардан акчалай каражат талап кылышкан.

Бул факты боюнча Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандар 25-июль күнү кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Алар тергөө органдары тарабынан 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 3-бөлүгүндө (алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери улантылууда.

Ош шаарынын соту тарабынан 27-июль күнү шектүүлөргө карата бөгөт коюу чарасы каралып, 2008-жылы туулган Д.З. жана 2004-жылы туулган Н.М. эки айга камакка алынды. Ал эми 2005-жылы туулган Ю-ва М. үй камагына чыгарылды.