Садыр Жапаров: Шайлоого жакын бир нерсе уюштуралы деген чагымчыл топтор бар
18 ноябрь

Садыр Жапаров: Шайлоого жакын бир нерсе уюштуралы деген чагымчыл топтор бар

Шайлоого жакын бир нерсе уюштуралы деген чагымчыл топтор бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик агенттигине берген маегинде билдирди. 

Мамлекет башчысы Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга, айрыкча кытайлык жумушчуларга байланышкан талкуулар шайлоо алдындагы атайын уюштурулган чагымчылдык экенин билдирди.

"Шайлоого жакын бир нерсе уюштуралы деген чагымчыл топтор бар. Алардын баарын билебиз. Азырынча сыртынан көз салып гана турабыз. Эгер катуу кетип бара жатышса, камалышат. Анан “Бизди жөн эле камап салышты” деп кыйкырып чыгышат. Башка шылтоолору жок, болгону электр энергиясы менен кытайлар. Электр энергия боюнча кенен маалымат берсем тынчып калышты эле. Эми экинчи көйгөй катары кытайларды көтөрүп чыгып жатышат", – деди ал. 

Жапаров өлкөдөгү чет өлкөлүктөрдү жетиштүү түрдө эле эмес, ашыкча да көзөмөлдөөгө күч жетиштүү экендигин айтты. 

"Мыйзам бузган же визасынын мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүктөрдү керек болсо бир күндө тазалап салсак болот. Бирок, азыр мамлекеттин алдында андай муктаждык жок. Кечээги окуядан кийин Кытайдан чоң-чоң долбоорлор боюнча келип, иштеп жаткан чет өлкөлүктөргө: “Жергиликтүү калк менен ынтымакта болгула, долбоорлор бүткөнчө бири-бириңерге сый-урмат менен мамиле кылгыла” деп катуу эскертүү бердик", – деп, долбоорлор бүткөндөн кийин алар Кыргызстанда бир күн да калбай тургандыгын билдирди. 

"Жумушчу визалары бүтөт. Бизде Кытай менен виза режими бар. Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт. Ошондуктан жергиликтүү калк да кылдат мамиле жасашы керек. Башталып калган бардык кылым долбоорлорубуз бүтүп кетсин. Ансыз деле бул жолдун салынбай калышына кызыкдар күчтөр көп. Көптөгөн каршылыктар болуп, бул жолду “тирүүнүн тозогу” менен араң баштадык. Бул жол башка бирөөлөргө эмес, келечекте бизге, Кыргызстанга керек. Керек болгондо да, аба менен суудай керек", – деген президент.