Кыргызстан ИИ революциясын кыргыз тилин өнүктүрүүнү эске алуу менен калыптандырууда - Кутнаева
9 октябрь

Кыргызстан ИИ революциясын кыргыз тилин өнүктүрүүнү эске алуу менен калыптандырууда - Кутнаева

ИИ форумунда КР Санариптик өнүгүү министри Нурия Кутнаева өлкөнүн санариптик трансформация жана ИИ (жасалма интеллект) колдонуу жаатындагы жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

"2023-жылы ИИ менен жабдылган байкоо камералары 3000ге жакын кылмышты ачууга жана Интерполдун эл аралык издөөдөгү кылмышкерлерин табууга жардам берди. Ошондой эле бул камералар дайынсыз жоголгондорду табууга да көмөк көрсөтүп жатат", - деп белгиледи ал.

Мындан тышкары, министр Кыргызстан кыргыз тилин өнүктүрүү менен ИИ жаатында революция жаратып жатканын да баса белгиледи.

"Өткөн жылы өкмөт кыргыз тилинде сүйлөгөн чатботко инвестиция салган. Бул биздин адистерибиздин аркасында ишке ашты жана бүгүнкү күндө бул чатботту миңдеген адамдар колдонушат. Бирок, мындай чоң көлөмдөгү маалыматтар маалыматтык коопсуздукту камсыздоону да талап кылат. Быйыл биз маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүшүбүз керек. Кыргыз Республикасы санариптик трансформацияга жана санариптик инновацияларга абдан кызыкдар", - деп сөзүн жыйынтыктады.