Сузак районунда баңгизатын сактап жүргөн жаран камакка алынды
7 февраль

Сузак районунда баңгизатын сактап жүргөн жаран камакка алынды

2026-жылдын 30-январь күнү Сузак РИИБдин АМБнын кызматкерлери тарабынан, райондун аймагында белгисиз жаран баңгизатын сактап жүргөндүгү боюнча атайын маалымат аныктаган.

Аталган маалымат Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишине шектүү катарында Сузак районунун 1979-жылы туулган Р.М. аттуу тургуну, жалпы салмагы 1 килограмм 543 грамм өлчөмдө марихуана баңгизаты менен кармалып, Сузак райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды.