
Нилуфар Алимжанова: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көрүүнүн баары энелердин мойнунда
Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети «Майыптыгы бар балдардын актуалдуу көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору» аталышындагы тегерек стол өткөрдү.
Иш-чарага комитет төрайымы Винера Раимбачаева, депутаттар Гуля Кожогулова, Нилуфар Алимжанова, Дастан Бекешев, тиешелүү органдардын жана балдарды коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Талкуунун жүрүшүндө комитет төрайымы Винера Раимбачаева ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укуктары корголбой калган учурлар арбын катталып жатканын баса белгиледи.
«Бүгүнкү күндө өзгөчө балдарыбызга карата мамлекет тарабынан жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбай жатканын байкап жатабыз. Майыптыгы бар миңдеген балдар толук кандуу медициналык жардам албай, билим алууга болгон укуктары чектелүүдө. Аялуу катмар болгон ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарыбызды коомго аралаштырууга аракет көрүшүбүз керек», - деди Винера Раимбачаева.
Ал эми депутат Нилуфар Алимжанова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кароо көп учурда жалгыз бой энелердин мойнунда жүктөлүп жатканын айтат.
«Тилекке каршы, биздин коомдо өзгөчө балдардын маселеси үстүртөн эле айтылып, аны чечүүгө аракеттер жетишсиз болууда. Бул багытта керектүү мыйзам долбоору да иштелип чыккан эмес. Аткаруу бийлиги менен маселени талкуулап эле тим болбой, реалдуу кадамдарга барышыбыз керек», - деди депутат айым.
Өз кезегинде эл өкүлү Дастан Бекешев «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп жатканын билдирди. Бекешев учурда аталган мыйзам долбоору боюнча бардык мамлекеттик органдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, сунуштар каралып жатканын ырастады.
«Ачык айтыш керек бизде медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын ишинде көйгөй көп. Бул жааттагы маселени чечүү керек. Майып балдарга инклюзивдүү билим беребиз деп кириштик эле, бул да алдыга жылбай жатат. Мыйзам долбооруна сунушуңуздар болсо кабыл алабыз», - деди Дастан Бекешев.
Белгилей кетсек, өлкөдө 200 миңден ашык майыптыгы бар адам болсо, алардын 40 миңге жакыны балдар.