Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга расмий сапар менен келет
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 19–20-ноябрь күндөрү Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри, КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ван И Кыргыз Республикасына расмий визит менен келет. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Визиттин жүрүшүндө өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Стратегиялык диалогдун Биринчи жыйынынын өткөрүлүшү жана эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.
Визиттин жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы кызматташууну тоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.
