Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк продукцияларынын жарманкелери уюштурулат
18 ноябрь

Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк продукцияларынын жарманкелери уюштурулат

Бишкекте 2026-жылдын июнь айына чейин ар ишемби, жекшенби күндөрү Бишкек шаарында социалдык маанилүү продукцияларды сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өткөрүлүп турат.

Мындай аракет Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ‒ Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык, азык-түлүк товарларынын социалдык маанилүү түрлөрүнө баанын өсүү темпин токтотуу жана калктын социалдык аярлуу катмары үчүн тамак-аш азыктарынын экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында ишке Бишкек шаарынын мериясы менен биргеликте ишке ашырылууда.

Жарманке Т. Усубалиев атындагы аянтта, ошондой эле И. Раззаков жана Абдымомунов, Эркиндик бульвары көчөлөрүнүн кесилиштеринде (Биринчи Май району) уюштурулат.

Бул жарманкенин максаты – ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, элге арзан жана сапаттуу азык-түлүк продукциясын жеткирүү, ошондой эле ички рынокту туруктуу камсыздоо болуп саналат.

Жарманкеге катышууга каалоосу бар дыйкандар жана өндүрүүчүлөр чакырылат.

Катышуучуларга коюлуучу талаптар:

• Продукция сапаттуу жана таза болушу керек;
• Баалар базар баасынан төмөн болушу зарыл;
• Министрликтин райондук агрардык башкармалыгынын жетекчилигинен тастыктоочу кат талап кылынат.