Жер агенттиги кызматтарынын баасын 23%га жогорулатты
18 ноябрь

Жер агенттиги кызматтарынын баасын 23%га жогорулатты

КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги өз кызматтарынын баалары өзгөргөнү тууралуу кабарлайт. Орточо эсеп менен баалар 23%га жогорулады.

Баалардын жогорулашына бир нече факторлор себеп болду. Алар:

Инфляциянын өсүшү, иштөө чыгымдарынын көбөйүшү, филиалдарды модернизациялоо жана санарип долбоорлорду ишке ашыруу. Агенттик мүлккө укук каттоо боюнча электрондук кызматтарды киргизип, борборлоштурулган электрондук архивди түзүп, жабдууларды жаңыртып, GPS кабылдагычтар жана учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алууда. Ошондой эле жер агенттигинин филиалдары жаныланууда.

Тарифтерди карап чыгуу менен кызматкерлерге шарт түзүлүп, агенттиктин ишин эффективдүү кылууга жана мамлекеттик кызматтарды туруктуу көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүдө.

Жаңы тарифтер мыйзамга жана жаңыртылган Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестринде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык иштелип чыккан жана жарандар үчүн кызматтарды жеткиликтүү, ачык жана сапаттуу кылууга багытталган.