Карыбек уулу: Бул мыйзам кайсы бир адамдарга куугунтук, басым катары пайдаланылбайт деген кепилдик барбы?
15 январь

Карыбек уулу: Бул мыйзам кайсы бир адамдарга куугунтук, басым катары пайдаланылбайт деген кепилдик барбы?

Жогорку Кеңештин жыйынында кызмат адамдарынан башка тараптар – тескөөчүлөр, окутуучулар, дарылоочулар ж.б. тарабынан соттолуучуларга жана шектүүлөргө кыйноо көрсөтүлгөн маалда аларды жоопко тартуу боюнча мыйзамга өзүнчө берене киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору каралууда.

Башкы прокурордун орун басары Үмүт Конкубаеванын айтымында, буга чейин да кызмат адамдары тарабынан эмес, расмий эмес адамдар тарабынан кыйноо фактылары аныкталганда, ал үчүн ылайык берене табылчу эмес.

“Кыйноо бир гана кызмат адамдары тарабынан болбойт. Көзөмөлдөөчү, тескөөчү, окутуучу, дарыгер тарабынан да болуп калышы мүмкүн. Мындайларды кызмат адамы эмес деп жоопко тартуу кыйынчылыкты жаратчу. Жоопкерчиликке тартылышчу, бирок башка берене менен. Биз азыр мындай кылмыштар үчүн беренени так кылууну сунуштап жатабыз”, – деди орун басар.

Депутат Улукбек Карыбек уулу: “Бул мыйзам кайсы бир адамдарга куугунтук, басым катары пайдаланып кетпейт деген кепилдик барбы?” – деп сурады. 

“Албетте, бар. Мыйзам баары үчүн бирдей. Кызмат адамы болобу же жөнөкөй жаранбы – мыйзам бузса, жооп бериши керек”, – деди Конкубаева.