1-январдан баштап сотко онлайн кайрылууга мүмкүн болот
18 ноябрь

1-январдан баштап сотко онлайн кайрылууга мүмкүн болот

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам заманбап санариптик технологияларды пайдалануу менен сот системасын өркүндөтүү жана жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Ошондой эле, аталган Мыйзам төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:

– сот өндүрүшүнүн жаңы формасын – санариптик формасын, ишти кароо жана чечимдерди кабыл алуу процессин тездетүү үчүн зарыл болгон укуктук шарттарды түзүү, доо коюуда да, жарандык жана административдик процесстин катышуучуларынын кийинки документтештирилген аракеттери жана демилгелеринде да, бардык жагынан кагаз документтердин салттуу милдеттүү мүнөзүнө альтернатива киргизет.

Мындан тышкары, турмуш шарттарына байланыштуу ар кандай сыпатта – доогер, жоопкер, күбө, үчүнчү тарап, адис, эксперт ж.б.у.с. соттук териштирүүлөргө кириптер болгон жарандардын сот имаратттарына көптөгөн баруулары азайып, келечекте кыскарат;

– санариптик технологияларды колдонууну камтыган процессуалдык эрежелерди жана аракеттерди ашыкча мыйзамдык жөнгө салынышынын деңгээлин төмөндөтүү, анын эсебинен жарандар үчүн ыңгайлуулуктарды түзүүчү тез өнүгүп жаткан санариптик кызматтар сот өндүрүшүндө алардын техникалык жана технологиялык жактан сот системасы тарабынан өздөштүрүлүшүнө жараша дароо ишке киргизилет.

Ушул Мыйзам 2026-жылдын 1 январынан тартып күчүнө кирет.