Замирбек Кененбаев Маммүлк директорунун орун басары болуп дайындалды
15 январь

Замирбек Кененбаев Маммүлк директорунун орун басары болуп дайындалды

Замирбек Кененбаев министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган агенттиктен кабарлашты. 

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон.

Министрлер кабинетинин башчысынын башка тескемесине ылайык, Сатарова Эльдана Таалайбековна Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары кызматынан бошотулду.