Депутаттын “коргоо ордерин алган аялдарды укук коргоо органдары кантип коргошу керек” деген суроосу жоопсуз калды
Депутат Гүлшаркан Култаева Жогорку Кеңештин жыйынында ИИМ жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнөн үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканын сурады.
“Жылдан жылга үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүп жатат. Жабыркаган аялдарга укук коргоо органдары тарабынан коргоо ордери берилет, бирок ал формалдуу түрдө гана калып, аялдын коопсуздугун коргоо чаралары көрүлбөйт экен. Коргоо ордери берилгенден кийинки аны аткаруу чаралары жана механизмдери кандай болушу керек? Анан да ордерди бир гана аялга берет экенсиздер, жалпы үй-бүлө мүчөлөрү коргоого алынбайт экен. Жашы жете электер менен иштөө боюнча өзүнчө инспекция бар, ал кандай иштерди аткарууда?” – деди депутат.
Бирок ИИМдин өкүлү 2024-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мыйзам кабыл алынганын жана ага ылайык, жаза чаралары катаалдашканын айтуу менен гана чектелди.
