Граждандык кодекске өзгөртүүлөр киргизилди
18 ноябрь

Граждандык кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзам бир катышуучудан турган чарбалык коомдордун түзүмүнүн ачыктыгын камсыздоого жана алардын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилигин жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Алсак, кабыл алынган Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:

1) чарбалык коомдор чет өлкөлүк юридикалык жактын түздөн-түз же кыйыр контролунда болбогон шартта жоопкерчилиги чектелген коомдун жалгыз уюштуруучусу (акционери) катары бир жактан турган башка чарбалык коому болушу мүмкүн.

Уюштуруучусу мамлекеттик жана муниципалдык органдар болгон учурларды кошпогондо, бир жактан турган коомдор төмөнкүлөрдүн милдеттенмелери боюнча бирдей субсидиардык жоопкерчилик алат:

– жалгыз катышуучулары болуп саналган же милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келген учурда жалгыз катышуучулары болгон чарбалык коомдордун;

– жалгыз катышуучулары катары ушул пункттун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн чарбалык коомдору бар (милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келген учурда болгон) чарбалык коомдордун же жалгыз катышуучулары катары бир жактан турган чарбалык коомдору бар (милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келген учурда болгон) чарбалык коомдордун тиешелүү чынжырчасындагы кийинки чарбалык коомдордун;

2) эгерде бир катышуучудан турган чарбалык коомдордун ээлик кылуу чынжырчасынын жол берилген максималдуу тереңдиги ашып кетсе, жалгыз уюштуруучусу катары чарбалык коом болуп саналган чарбалык коомду каттоого тыюу салынат;

3) жалгыз катышуучусу бар чарбалык коом болуп саналган жалгыз уюштуруучусу бар чарбалык коомдордун чынжырчасынын максималдуу тереңдиги акыркы чарбалык коомду кошкондо үч деңгээлден ашпоого тийиш;

4) уюштуруучусу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер же ишкана, мамлекеттик же муниципалдык үлүшү бар башка юридикалык жак болгон учурларды кошпогондо, бир жактан турган катышуучулары болуп саналган же милдеттенмелери аткаруу мөөнөтү келген учурда жалгыз катышуучулары болгон чарбалык коомдордун милдеттенмелери боюнча бирдей субсидиардык жоопкерчилик алат.