
Мындай жагдайлар кайталанбашы зарыл – Шакиев министрлер кабинетин сындады
Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев министрлер кабинетинин мүчөлөрүн парламентке толук даярдыкта келүүсүн талап кылды.
“Айрым бейтартип адистердин айынан Жогорку Кеңеш менен министрлер кабинетинин ортосунда жарака кетип, жагымсыз жагдайлар түзүлгөн учурлар жок эмес. Ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылып, өз милдеттерин билбеген ошондой кызматкерлерге Министрлер кабинетинин жетекчилери сөзсүз чара көрүшү керек. Эгер чара колдонулбаса, Жогорку Кеңеш тиешелүү иштерди алып барууга укуктуу”, – деди төрага Нурланбек Шакиев.
Ошондой элеал андай жагдайлар көз жаздымда калбашы керектигин айтты.
"Жогорку Кеңеш менен министрлер кабинетинин ортосундагы мамиле Конституцияда белгиленген ченемдердин чегинде болушу зарыл”, – деп кошумчалады төрага.
Муну менен катар төрага министрлер кабинетинин мүчөлөрү парламентке өлкөдөгү көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун ачык-айкын талкуулоо максатында чакырыларын эске салып: “Андыктан, жетекчилер өз тармактары боюнча тиешелүү маселелерге толук даярдыкта келиши керек. Мыйзам долбоорлору чийки даярдалып, баяндамачылар да суроолорго жооп бере албагандыктан өткөн жумада эки маселе күн тартибинен алынды, бир мыйзам долбоору өтпөй калды. Мындай жагдайлар кайталанбашы зарыл”, – деди.