Кыргызстан менен Түркиянын депутаттары кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулашты
13 февраль

Кыргызстан менен Түркиянын депутаттары кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулашты

Жогорку Кеңешинин Түркия Республикасы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун башчысы Алишер Козуев Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын «Түркия-Кыргызстан» парламенттик достук тобунун башчысы Юсуф Беязыт баштаган делегация менен жолугушту.

Жолугушууга депутаттар Улугбек Ормонов, Сүйүнбек Өмүрзаков, Жалолидин Нурбаев, Мурадил Сыдыков, Винера Раимбачаева жана Азамат Исираилов да катышты. 

Эске салсак, Юсуф Беязыт баштаган делегациянын Бишкектеги иш сапары депутаттык достук тобунун башчысы Алишер Козуевдин чакыруусу менен уюштурулган. 

Жолугушууда депутаттык достук тобунун башчысы Алишер Козуев кыргыз-түрк кызматташтыгын арттыруу үчүн парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине токтолуп, ушундай жолугушууларды байма-бай уюштуруу зарылчылыгына токтолду.

Ошондой эле эл өкүлү соода-экономикалык алакаларды арттыруу, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү макулдашууларды жигердүү ишке ашыруу маселелерине токтолуп: “Эки өлкөнүн лидерлери соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд АКШ долларына жеткирүү максатын коюшкан. Андыктан, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүп, өнөктөш өлкө катары жеңилдиктерди киргизүүнү биргелешип чечүүбүз кажет”, – деди. 

Өз кезегинде Түркиянын Улуу Улуттук  Жыйынындагы «Түркия-Кыргызстан» парламенттик достук тобунун башчысы Юсуф Беязыт буга чейинки макулдашууларды жүзөгө ашырып, өнөктөштүктү жогорку деңгээлге чыгаруу жаатындагы сунуштары менен бөлүштү. 

Муну менен катар тараптар байланыштарды кеңейтүүгө багытталган бир катар маселелер боюнча ой бөлүштү.