Талиева: Бул Орунбековдун эмес, эл берген микрофон. Бизге үйрөтүшпөсүн
Депутат Камила Талиев Жогорку Кеңештин жыйынында “эл берген микрофондо он жолу кайталап окуган мыйзамдар тууралуу сүйлөөрүн жана эч кимдин аны үйрөтүүгө акысы жоктугун” билдирди.
Ал Аламүдүн районундагы Арашан айылына тиешелүү маселени көтөрдү.
Айтымында, айылдын тургундары депутатка кайрылышкан жана 7-апрель көчөсү менен барып, Арашан айылына – оң тарапка бурула турган жерде жол чырак болбогонунун айынан, эрте менен – кечинде жол тыгыны жараларын айтышкан.
“Андан улам айылдыктар эрте менен шаарга, а кечинде айылына баруудан кыйналып жатышат. Окуучулардын да коопсуздугу коркунучта, жолдон өтүш кыйын. Ошол жерге жол чырак орнотуп берсеңиздер”, – деди депутат.
Андан ары ал колунда тургундардын кайрылуусу бар экенин белгиледи.
“Мына, факт менен сүйлөп жатам. Дагы тактабай эле айтып жатат деп чыгышпасын. Бул микрофон эл берген микрофон, Орунбековдун микрофону эмес. Бизге үйрөтүшпөсүн, биз мыйзамдарды чемичкедей чагып окуйбуз. Кечээги мыйзамдарды он жолу окугам”.
