Ошто милициянын көчмө кабылдамасы айылдарды кыдырып, жарандарга сервистик тейлөө көрсөттү
15 январь

Ошто милициянын көчмө кабылдамасы айылдарды кыдырып, жарандарга сервистик тейлөө көрсөттү

Ноокат РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы Кыргыз-Ата айыл аймагын кыдырып, жарандарга сервистик тейлөө көрсөттү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тартип сакчылары алгач Ак-Булак жана Курак-Тектир мектептеринде болуп, андагы окуучуларга зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Андан ары ушул аймакта үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган үй ээлеринин учурдагы жашоо шартынан кабар алышты. Ошондой эле Кара-Кой эс алуу жайына барып, жарандарды кабыл алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө милициянын көчмө кабылдамасына кайрылган жарандарга ар кандай укук бузуулардын, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча ар тараптуу кеңеш берип, сервистик тейлөө көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек милициянын көчмө кабылдамасы аймактарды кыдырып, жарандардын көйгөйлүү маселесин чечүү боюнча мамлекеттик кызматтар менен биргеликте иш алып барат.