Мамкызматкерлер үчүн жаңы тарифтик план ишке кирди — айына болгону 250 сом
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте мобилдик байланыш операторлору — «Нур Телеком», «Альфа Телеком» жана «Скай Мобайл» менен өз ара кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн атайын иштелген жаңы мобилдик «Мамлекеттик» тарифин ишке киргизүүдө.
Бул тариф мамлекеттик кызматкерлердин иш процесси, кызматтык байланыш жана мобилдик интернетке болгон күнүмдүк муктаждыктары эске алынуу менен түзүлүп, алардын санариптик кызматтарды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана иштин натыйжалуулугун арттырууга багытталган.
Жаңы «Мамлекеттик» тарифтик план төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт:
- Тармак ичинде чексиз чалуулар жана SMS
- Кыргызстандын башка мобилдик тармактарына 20 мүнөт
- 40 ГБ мобилдик интернет
- Чексиз Wi-Fi таратуу (раздача)
- Баасы: 250 сом / 30 күн
Аталган тарифтик план мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маалыматтык-коммуникациялык технологияларды активдүү пайдалануу шарттарын жакшыртууга, санариптик кызматтарды кеңири колдонууга жана алардын күнүмдүк ишинде жогорку ыңгайлуулукту камсыз кылууга кызмат кылат.
