Ошто заманбап туннелдик унаа жуучу жай ишке берилди
Ош шаарында жаңы туннелдик унаа жуучу жай ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ачылыш аземине шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, объектти курган ишкер жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жаңы унаа жуучу жай Испаниянын унаа жуу жабдууларын чыгаруучу алдыңкы ISTOBAL S.A. компаниясынын акыркы технологиялары жана сапаттуу материалдары менен жабдылган. Кубаттуулугу саатына 80 унаага чейин жетет. Толугу менен автоматтык система аркылуу иштейт жана чыгуу бөлүгүндө кагылышуудан коргоочу коопсуздук механизми орнотулган.
Мэр Жеңишбек Токторбаев өз сөзүндө шаардагы башка унаа жуучу жайлар да заманбап стандарттарга ылайыкташып, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
