Чүй облусунда жаңы гемодиализ борборунун пайдубалына мезгил кутусу салынды
19 июль

Чүй облусунда жаңы гемодиализ борборунун пайдубалына мезгил кутусу салынды

17-июлунда Кант шаарында Чүй облустук Жалпы дарыгерлик практика борборунун аймагында курула турган жаңы гемодиализ борборунун пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, «Ас-Сафа» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов, Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү жана чакырылган коноктор катышты.

Долбоор «Ас-Сафа» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылууда. Уюм жалпы аянты 840 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имараттын курулушун толугу менен каржылайт. Мындан тышкары, келечектеги гемодиализ борбору заманбап медициналык жабдуулар, эмеректер жана зарыл болгон инвентарлар менен камсыздалат.

Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпысынан 4 666 бейтап гемодиализдик жардам алууда. Чүй облусунда алты жеке менчик гемодиализ борбору иштеп, анда 355 бейтап дарыланууда.

Чүй облустук Жалпы дарыгерлик практика борборунун базасында түзүлүп жаткан жаңы гемодиализ борбору облус тургундары үчүн адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Жаңы үч кабаттуу имаратта жети диализ залы, дарыгерлердин кабинеттери, суу даярдоо бөлүмдөрү жана адистештирилген нефрологиялык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон башка бөлүмдөр жайгаштырылат.

Өз сөзүндө министр Дамир Осмонов Кант шаарында гемодиализ борборунун курулушу Чүй облусунун тургундары үчүн адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуудагы маанилүү кадам экенин белгиледи.

«Саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун туруктуу колдоосунун аркасында өлкөдө медициналык уюмдардын материалдык-техникалык базасы ырааттуу чыңдалып, жаңы саламаттык сактоо объектилери курулуп, медициналык жардам көрсөтүү үчүн заманбап шарттар түзүлүүдө.

Өлкөбүздө мындай борборлордун саны мындан ары дагы көбөйүп, медициналык жардамдын сапаты эң жогорку стандарттарга жооп берет деп ишенем. Ошондой эле мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, күн сайын өз ишин жогорку жоопкерчилик жана кесипке болгон берилгендик менен аткарып жаткан дарыгерлерге, медициналык айымдарга жана саламаттык сактоо тармагынын бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем.

Биздин башкы максатыбыз — ар бир бейтап үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана ата мекендик саламаттык сактоо системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча иштерди улантуу», — деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов.

«Ас-Сафа» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов уюм Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнү мындан ары да колдоону улантарын белгиледи.

Анын айтымында, учурда коомдук бирикменин көмөгү менен республика боюнча 20 фельдшердик-акушердик пункт курулуп жатат, ошондой эле Чүй облусунун Ивановка айылында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын курулушу жүрүүдө. Күз айларында Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун жана Бишкек шаарындагы №1 шаардык клиникалык оорукананын жаңы имараттарын пайдаланууга берүү пландалууда.

Ибрагим Мальсагов белгилегендей, «Ас-Сафа» коомдук бирикмеси социалдык мааниси жогору долбоорлорду ишке ашырууга жана калк үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өз салымын кошууну улантат.