Кан басымы төмөндөп.. Ала-Арча капчыгайында эс алып жүргөн жаранга жардам көрсөтүлдү
Ала-Арча капчыгайында куткаруучулар эс алуучулардын бирине жардам көрсөттү.
ӨКМден кабарлашкандай, тоо койнунда эс алып жүргөн шаар тургундарынын биринин кан басымы төмөндөп, жардам чакырышкан.
Куткаруучулар жабырлануучуга алгачкы жардамын көрсөткөн соң, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
