Сауд Аравияда умра сапарына келген 5 миңден ашуун кыргызстандык бар
2 март

Сауд Аравияда умра сапарына келген 5 миңден ашуун кыргызстандык бар

Сауд Аравияда туруктуу негизде миңден ашуун Кыргызстандын жараны жашайт. Алардын көпчүлүгүн эмгек мигранттары жана студенттер түзөт. Бул тууралуу онлайн-брифингде Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы консулу Нурсултан Орунбаев билдирди.

Анын айтымында, умра зыяратын аткаруу үчүн барган кыргызстандыктардын саны 5 миңден ашат. Азыркы учурда эвакуациялоо өтүнүчү менен кайрылгандар болгон жок.

"Зыяратчылар негизинен Жидда, Мекке жана Медина шаарларында болушууда. Алар үчүн атайын штаб түзүлгөн, муфтият жана умрага жөнөткөн компаниялар зыяратчылар менен туруктуу байланышта", - деди ал.

Ошондой эле ал өлкөдөгү кырдаал туруктуу экенин баса белгиледи. Сауд Аравиясынын аба мейкиндиги жабылган жок, бирок айрым эл аралык авиакомпаниялар каттамдарын убактылуу токтотуп жатышат.

Буга чейин муфтият Меккеде кичи ажылык (умра) аткарып жаткан 6 миңге жакын кыргызстандык бар экенин маалымдаган.