Учак кырсыгынан кийин Tez Jet компаниясынын бардык учактары убактылуу учпай турган болду
www
7 июль

Учак кырсыгынан кийин Tez Jet компаниясынын бардык учактары убактылуу учпай турган болду

2026-жылдын 7-июлунда «Манас» эл аралык аэропортунда Tez Jet авиакомпаниясына таандык, каттоо белгиси EX-80003 болгон McDonnell Douglas MD-83 үлгүсүндөгү аба кемеси Бишкек — Ош багыты боюнча К9 117 каттамын аткарууга даярданып жаткан учурда окуя катталды.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, алдын ала маалыматтарга ылайык, аба кемеси рулдоону аяктап, 25-конуу-учуу тилкесинин аткаруу стартын ээлегенден кийин учууга чейинки жол-жоболорду аткаруу маалында сол негизги шасси тирөөчү бүгүлүп кеткен. Экипаж аба кемесин токтотуп, белгиленген коопсуздук жол-жоболоруна ылайык бардык зарыл аракеттерди көргөн.

Аба кемесинин бортунда 187 адам болгон. Жүргүнчүлөрдүн жана экипаж мүчөлөрүнүн арасында жабыркагандар жок.

Бул факт боюнча окуянын себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн расмий иликтөө жүргүзүлөт. Иликтөө аяктаганга чейин Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги коомчулукту шашылыш жыйынтык чыгаруудан жана ырасталбаган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Учуу коопсуздугун камсыз кылуу максатында Tez Jet авиакомпаниясынын аба кемелерин эксплуатациялоону зарыл болгон текшерүү иш-чаралары аяктаганга чейин убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Учурда тиешелүү кызматтар аба кемесин конуу-учуу тилкесинен эвакуациялоо иштерин жүргүзүп жатышат. Ушуга байланыштуу «Манас» эл аралык аэропортунун каттамдар жадыбалында убактылуу кечигүүлөр болушу мүмкүн.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги кырдаалды көзөмөлдөп турат. Иликтөөнүн жыйынтыгы жана кабыл алынган чечимдер тууралуу кошумча маалымат берилет.