Катарда круиздик саякат менен барган 67 кыргызстандык бар
Катардын жээктеринде учурда лайнерде Кыргызстандын 67 жараны бар. Алар 7-мартка чейин ошол жерде болушат. Бул тууралуу Кыргызстандын Катардагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Шумкарбек Курсанов билдирди.
Анын айтымында, кырдаал курчуп кеткен учурда координациялык штабдын көрсөтмөсүнө ылайык чаралар көрүлөт.
Мындан тышкары, Курсановдун маалыматына караганда, Катарда жалпы 800гө жакын Кыргызстандын жараны жашап, иштеп жатат. Алардын 20сы мейманканаларда, ал эми калгандары өз үйлөрүндө турушат.
