Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн кем эмес мамлекеттен меймандар келет
7 февраль

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн кем эмес мамлекеттен меймандар келет

Кыргыз Республикасында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2026 эл аралык деңгээлдеги ири иш-чара болуп, ага 100дөн кем эмес мамлекеттен спортчулар жана меймандар катышары күтүлүүдө. 

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өткөн “Көчмөндөр оюну 2026” иш-чарасына карата уюштурулган көчмө жыйында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө дүйнөлүк масштабдагы бул маданий-спорттук иш-чарага даярдык көрүү маселелери талкууланып, уюштуруу иштеринин жүрүшү, инфраструктуралык объектилердин абалы жана эл аралык конокторду кабыл алуу шарттары каралды.

Маалым болгондой, маданий оюндардын байге фондуна 4 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнөт. Мындан тышкары, улуттук спорт түрлөрү жана ат оюндардын бардык негизги түрлөрү өткөрүлмөкчү. Бул оюндар кыргыз элинин көчмөн маданиятын, салт-санаасын жана тарыхый мурасын дүйнөлүк коомчулукка кеңири таанытууга багытталат.

Иш сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун учурдагы абалы менен таанышып чыгып, даярдык иштерин күчөтүү, инфраструктураны жакшыртуу жана эл аралык стандарттарга ылайык шарттарды түзүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. Ал тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга белгиленген мөөнөттөрдө сапаттуу даярдык көрүүнү тапшырды.

Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин, Кыргыз Республикасында өткөрүлөрү буга чейин расмий маалымдалган. Бул иш-чара өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатууга, улуттук маданиятты даңазалоого жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң салым кошмокчу.