Бишкекте мамлекет, жарандык коом жана эл аралык өнөктөштөр ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар өттү
6-февралда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Эдуардс Стипрайстын жетекчилигиндеги Европа Биримдигинин делегациясы, ошондой эле Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар юстиция тармагындагы мындан аркы кызматташтыктын келечегин, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, адам укуктарын коргоо жана укуктук системаны санариптештирүү маселелерин, ошондой эле Европа Биримдигинин «Just4All – Баарына адилеттүүлүк» долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктарын талкуулашты.
Тараптардын өз ара аракеттенүүсү Европа Биримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы регионалдык диалог аянтчаларында да жүргүзүлдү.
5-февралда «Европа Биримдиги – Борбор Азия» жарандык коомунун Алтынчы форуму болуп өттү. Форумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары Сайра Ызакова сөз сүйлөп, Форум укуктук күн тартибин, туруктуу өнүгүү маселелерин жана демократиялык институттарды чыңдоону талкуулоочу натыйжалуу платформа катары маанилүү экенин белгиледи.
Өткөрүлгөн иш-чаралар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин диалогго, ишенимге жана заманбап, адамга багытталган чечимдерди биргелешип иштеп чыгууга негизделген туруктуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө берилгендигин тастыктады.
