Нарында заманбап шаардык мончонун курулушу башталды
Нарын шаарында жарандар үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүүгө багытталган дагы бир ири социалдык долбоор ишке ашууда.
Президенттин Иш башкармасынан билдиришкендей, бул жерде жаңы шаардык мончонун курулушу башталды.
Президенттин тш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуштун жүрүшү менен жеринен таанышып чыкты.
Ал белгилегендей, бул долбоор — жарандардын гигиеналык шарттарын жакшыртуу менен катар, ден соолук маданиятын көтөрүүгө багытталган маанилүү социалдык объект.
Үч кабаттуу имарат 30x36 метр габаритте курулууда, жалпы аянты — 2 800 чарчы метр. Архитектуралык жана инженердик жактан заманбап талаптарга жооп берген долбоор төмөнкүдөй функционалдык бөлүктөрдү камтыйт:
- Жер төлөсү — шаардыктар үчүн ыңгайлуу унаа токтотуучу жайы;
- Биринчи кабат — кенен фойе, жуунуучу жана бууланма бөлмөлөрдү камтыган негизги мончо аймактары;
- Экинчи кабат — кафе, массаж бөлмөлөрү, эс алуу зонасы, ошондой эле эне-бала бөлмөсү.
Курулуш иштерин Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы ишке ашырууда. Сапат жана мөөнөт жагынан мамлекеттик көзөмөл толук кандуу камсыздалган.
