
Эмгек министрлиги Улуттук квалификациялык кеңештин 4-отурумун өткөрдү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Улуттук квалификациялык кеңештин 4-отурумун өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Отурум КР министрликтеринин жана ведомстволорунун, Кесиптик бирликтеринин, Соода өнөр жай палатасынын, ошондой эле бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Отурумдун жүрүшүндө эмгек министринин биринчи орун басары Мухтар Баймурзаев бекитилген кесиптик стандарттардын негизинде эмгек рыногунун керектөөлөрүн чагылдырган актуалдуу окуу программаларын жана курстарын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Кесиптик билим берүү системасынын жана эмгек рыногунун ырааттуулугун камсыз кылуу максатында, КР президентинин Жарлыгы менен 2018-жылдын 31-октябрындагы 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында №221 улуттук квалификациялык кеңештин курамы бекитилген.