ИИМ: Бишкекте болгон чыр-чатак боюнча текшерүү жүрүүдө
Бишкекте болгон чыр-чатак боюнча текшерүү жүрүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, интернет тармагында топ адамдар менен эркек кишинин ортосундагы чыр-чатак камтылган видео тараган. Жогорудагы көрүнүш Бишкек шаарыныны Бакаев көчөсүндө болгон.
Милиция кызматкерлери окуянын бардык катышуучуларын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Окуя белгиленген тартипте катталды.
Учурда тийиштүү процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча катышуучулардын аракеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык баа берилет.
