Кыргызстандык аскерлер 800 метр бийиктиктен парашют менен секирүүлөрдү аткарышты
Коргоо министрлиги
7 июль

Кыргызстандык аскерлер 800 метр бийиктиктен парашют менен секирүүлөрдү аткарышты

Кыргызстандык аскерлер 800 метр бийиктиктен парашют менен секирүүлөрдү аткарышты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 52870 аскер бөлүгүнүн базасында Түштүк-Батыш оперативдик кол башчылыгына караштуу аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчылары үчүн аба-десанттык даярдоо боюнча окуу-машыгуу жыйыны өткөрүлдү.

Жыйынынын жүрүшүндө катышуучулар аба-десанттык даярдык боюнча теориялык билимдерди өздөштүрүп, парашютту жыйноо боюнча практикалык машыгуулардан өтүштү.

Ал эми 2026-жылдын 7-июлунда 52870 аскер бөлүгүнүн аскердик полигонунда жыйындын жыйынтыктоочу этабында катышуучулар 800 метр бийиктиктен парашют менен практикалык секирүүлөрдү ийгиликтүү аткарышты.