Тажикстанда Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолукту
24 ноябрь

Тажикстанда Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолукту

Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өттү. 

Жолугушуу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өткөн

Делегация башчылары жумушчу топторго эки мамлекеттин чек ара сызыгын мындан ары тактоо боюнча иштерди улантуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти.

 Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.