Бишкек: Уруксат кагазы жок курулуш иштерин жургүзгөн компанияга чара көрүлүүдө
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти өлкө аймагындагы курулуш объектилериндеги иштин жүрүшүнө, долбоордук талаптардын аткарылышына жана курулуш материалдарынын сапатына үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүүдө.
Иш-чаранын алкагында, Бишкек шаарынын Суванбердиев 33 дарегиндеги жеке менчик жер тилкесинде жайгашкан соода-сатык багыттындагы жана эки деңгээлдүү жер алдындагы автоунаа токтотуучу жайы каралган 16 кабаттуу турак үйдүн курулушунда долбоордун корректурасы берилбегени аныкталып, курулушка уруксат берүүчү документтери жок иш жүргүзүлгөнү ырасталды.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн ЖЧК “СК Эверест Групп” карата текшерүү актысы түзүлүп, билдирме берилип, мыйзам бузуу фактыларын жоюу максатында зарыл болгон документтерди тапшырууга милдеттендирилди. Ошондой эле, 200 000 сом өлчөмүндө айып салынды.
Бүгункү күндө, курулуш компаниясы Бишкек шаардык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгына макулдашылган долбоорду жана мамлекеттик экспертизанын оң корутундусун тапшыра элек.
Белгилей кетсек, курулушка уруксат берүүчү документтеринин жокутугуна карабастан аталган компания тарабынан өз алдынча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүп, анын ичинде узундугу 40 метр, туурасы 25 метрлик диафрагма жана колонналар салынган. Бул аракеттер “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамын бузуу болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө, иш Октябрь райондук сотуна жөнөтүлүп, учурда соттук кароо жүрүп жатат.
