Оштун жаңы мэри болуп депутат Жанар Акаев дайындалышы мүмкүн
Ош шаарынын жаңы мэри кызматына негизги талапкер катары Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев каралууда. Бул тууралуу айрым ЖМКлар депутаттарга шилтеме берүү менен билдиришти.
Жанар Акаев 1986-жылдын 13-декабрында Ош облусунун Алай районундагы Кабылан-Көл айылында туулган.
Жогорку билимдүү: 2009-жылы Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
2008-жылдан тартып «Азаттык» радиосунун кыргыз кызматында иштеген. 2015-жылдын февраль айынан август айына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы кызматын аркалаган. 2015-жылдын октябрында Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2015–2017-жылдары Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон. «Евразиянын Алтын калеми» (2011) жана Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонддун «Курч калем» (2014) сыйлыктарынын лауреаты.
Үй-бүлөлүү, эки уулду тарбиялайт.
