Оштун мэрои Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетти
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматынан бошотулду. Бул маалымат бир катар ЖМКларда президенттин администрациясындагы булактарга шилтеме берүү менен жарыяланды.
Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп 2025-жылдын 23-январында дайындалган. 14-февралда ал 58 жашка толгон.
Мэр шаардык башкаруунун ар кайсы тармактарын сынга алган күн сайын эртең мененки рейддери менен белгилүү болгон.
