ИИМ жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жаранды издөөдө
2 март

ИИМ жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жаранды издөөдө

Милиция жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жаранды издөөдө, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы. 

Милициянын билдирүүсүнө караганда, ички иштер органдарына Сокулук районунун социалдык кызматкери арыз менен кайрылып, анда ушул жылдын башында жашы жете элек кыз зордукталганын билдирген.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка өзүн "Турат"деп тааныштырган адам шектелүүдө. Маалыматка ылайык, изделип жаткан адам 1979-жылы туулган Жумаев Турат Касымович деген ысымды колдонушу мүмкүн экени аныкталды.

Учурда анын дарегин аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Изделип жаткан адам тууралуу кандайдыр бир маалыматы бfр жарандарды тез арада жакынкы милиция бөлүмүнө же 102 кыска номерине жана 0501935534, 0313266261 номурларына билдирүүңүздөрдү өтүнөт.

Анонимдүүлүк жана сыйлык акы кепилденет.