Кыргызстанда бир жумада 30 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 2026-жылдын 23-февралдан 1-мартка чейин алдын ала маалымат боюнча, 30 952 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, анын ичинде:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 3 149;
- мас абалында унаа башкаруу - 114;
- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 153;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 966;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 819;
- автоээнбаштык - 25;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 146;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 11;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 15 002.
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 567 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
