Марлен Маматалиев орун басарлары жана Аппараттын жетекчиси менен бирге алдыдагы иш пландарды талкуулады
Төрага Марлен Маматалиев жаңы шайланган орун басарлары жана Аппараттын жетекчиси менен жыйын өткөрүп, парламенттин ишмердүүлүгүнө байланышкан жагдайларды талкуулады. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.
Тагыраагы, Жогорку Кеңештин ишин санариптештирүү жаатында бир катар тапшырмаларды берип, алдыда карала турган маселелер тууралуу маалымат алды. Ошону менен катар негизги иш пландар боюнча да пикир алмашты.
Андан тышкары, төрага Марлен Маматалиев парламент мыйзам чыгаруу ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылып, киргизилген долбоорлорду ыкчам кароого басым жасашы керектигин белгилеп:
«Жогорку Кеңеш өкүлчүлүктүү орган катары шайлоочулар менен да жигердүү иш алып баруусу зарыл. Ар бир келген кайрылуу көңүл сыртында калбай, түшкөн бардык кат боюнча тийиштүү жумуштар жүргүзүлүшү кажет», - деди.
Ошондой эле кеңешмеде уюштуруу жана документ жүгүртүү иштерине байланышкан маселелер да талкууланып, Төрага аталган багытта жаңы дайындалган Аппараттын жетекчисине бир топ тапшырмаларды берди.
