УКМК: Ош шаардык төрөт үйүнүн башчысы К.А.М.дын кармалышы боюнча
22 май

УКМК: Ош шаардык төрөт үйүнүн башчысы К.А.М.дын кармалышы боюнча

Өлкөдө мамлекеттик мекемелердеги системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан жалпы улуттук саясаттын алкагында улуттук коопсуздук органдары тарабынан саламаттык сактоо тармагындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, Ош шаардык төрөт үйүнүн кызматкерлери тарабынан бейтаптардын көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын чечип берүүдө акча каражаттарын системалуу түрдө алуу фактылары аныкталды.

2026-жылдын 20-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош шаардык төрөт үйүнүн жетекчиси К.А.М. кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында акчалай сый акысын алуу боюнча көптөгөн фактылар (эпизоддор) аныкталды.

Кылмыш ишинин алкагында кармалган К.А.М., УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.