Садыр Жапаров менен биринчи айым түшкү тамактануу үчүн Боомдогу кафеге киришкен
видеодон алынган кадр
3 сентябрь

Садыр Жапаров менен биринчи айым түшкү тамактануу үчүн Боомдогу кафеге киришкен

Окуяга күбө болгондордун маалыматына караганда, мамлекет башчысы жубайы менен Ысык-Көлгө бара жаткан жолдо түшкү маалда Боом капчыгайындагы кафелердин бирине кирип, тамактанышкан.

Видео социалдык тармактын колдонуучуларынын активдүү реакциясын жаратты. Көпчүлүк комментарийлерде президент менен биринчи айымдын жөнөкөйлүгү белгиленген.

«Мага алардын жөнөкөйлүгү жагат», «Мындай ийгиликтен кийин да ушунчалык жөнөкөй», «Кандай гана жагымдуу отурушат», «Тамагыңар таттуу болсун» деген сыяктуу пикирлер жазылган.

Айрым колдонуучулар президенттин жанында турган желдеткичти өзү жөнгө салып жатканын да байкашкан. Бул көрүнүш тамаша-пикирлерге себеп болгон. «Желдеткич эми кондиционер кызматына көтөрүлүүнү күтүп жатат», — деп жазган колдонуучулардын бири.

Ошол эле учурда айрымдар президентти жубайы менен түшкү тамак учурунда тартпоого чакырышкан.

«Эми аларды тынч койгула», «Элге тынч тамактанып алууга мүмкүнчүлүк бергиле» деген пикирлер да жазылган.