Нурдан Орунтаев “Ала-Тоо Резорттогу” курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди
Курулуш министрлиги
11 август

Нурдан Орунтаев “Ала-Тоо Резорттогу” курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортунда курулуп жаткан ири инфраструктуралык объектилердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Министр курорттун медициналык пункту, лыжа жабдууларын ижарага берүү жана оңдоо имараттары, атайын техника үчүн гараж, тейлөөчү кызматкерлер жана администрация үчүн имараттар, ошондой эле суу менен камсыздоо жана башка инженердик инфраструктура объектилерин текшерди.

Объектилерде жер казуу, пайдубал куруу, арматура жана бетон куюу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле суу алуучу аянтчанын курулушу, ички суу түтүк тармактарын тартуу, ар бири 1000 куб метр болгон төрт ичүүчү суу резервуарын куруу жана канализациялык-тазалоочу курулмаларды орнотуу иштери улантылууда.

Бүгүнкү күндө суу менен камсыздоо инфраструктурасы боюнча суу алуучу аянтчанын курулушу 95 пайызга, ички суу түтүк тармактарын тартуу 50 пайызга, ал эми төрт ичүүчү суу резервуарынын курулушу 60 пайызга аткарылды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, долбоорлорду бекитилген талаптарга ылайык жүргүзүүнү тапшырды.