Айдаркенде бир тууган инисин өлтүрүүгө шектелген киши кармалды
26 январь

Айдаркенде бир тууган инисин өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Айдаркен шаарында адам өлтүрүү фактысы катталды, деп билдирет Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы. 

Билдирүүгө ылайык, окуя 22-январда болгон. Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын тургуну, 60 жаштагы жолдошу киши колдуу болуп өлгөнүн билдирип милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.

Тергөөдө аныкталгандай, 22-январь күнү болжол менен саат 14:20 чамасында экөөнүн ортосунда мурдагы келишпестиктерден улам чыр чыгып, анын натыйжасында М.М. ашкана бычагы менен бир тууган инисинин көкүрөк тарабына бир жолу сайып жиберген. Алган жараатынан улам жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.

Шектүү 70 жаштагы М.М. Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалып, айыпталуучу катары жоопко тартылып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери улантылууда.