Салык кызматы күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу фактысын аныктады
26 январь

Салык кызматы күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу фактысын аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош облусунда күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатууну жана жүгүртүүнү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүштү.

Рейддин жүрүшүндө тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок, беш даана автоцистернаны колдонуу менен белгиленбеген жерлерде көчмө чекене соода жүргүзгөн күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу түйүндөрү аныкталды.

Аталган мыйзам бузуу фактылары боюнча автоцистерналардын ээлерине административдик айып салынып, транспорт каражаттары айып жайга токтотулду, күйүүчү-майлоочу материалдар алынды. Материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилди.

Салык кызматкерлери күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатууну жана жүгүртүүнү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мунайзаттарды чекене сатууга контролдук-кассалык машиналар, атайын күйүүчү май жабдуулары (отун таратуучу колонкалар) жана автоматташтырылган эсепке алуу системалары милдеттүү түрдө болгон автомай куюучу станцияларда, автомобилдик газ толтуруучу, компрессордук станцияларда гана уруксат берилет.