Бишкекте балдар онкологиясын өнүктүрүү боюнча улуттук конференция өттү
2026-жылдын 18-февралында Бишкек шаарында «Кыргызстандагы балдар онкологиясы: глобалдык стандарттардан жергиликтүү жетишкендиктерге — жаңы горизонттор 2026» аттуу улуттук конференция болуп өттү. Иш-чара балдар рагы тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу айлыгына карата уюштурулду.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү, тармактык медициналык мекемелердин жетекчилери, эл аралык өнөктөштөр, фонддор жана медициналык эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Жыйында Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Балдар рагы менен күрөшүү боюнча Глобалдык демилгесине кошулгандан кийинки балдар онкологиялык кызматын өнүктүрүүнүн жыйынтыктары чыгарылды. Белгиленгендей, республикада жыл сайын балдар арасында 200–220га жакын жаңы онкологиялык оорулар аныкталат. Акыркы жылдары аныкталган учурлардын көбөйүшү диагностиканын жакшыртылышы, клиникалык протоколдордун киргизилиши жана улуттук канцер-регистрдин өнүгүшү менен байланыштуу.
Өлкөдө Бишкек жана Ош шаарларында балдар онкологиясы жана балдар онкогематологиясы боюнча адистештирилген бөлүмдөр иш алып барууда. 2024-жылы республикада алгач ирет балага жилик чучугунун аутологиялык трансплантациясы жасалып, бул жогорку технологиялуу медициналык жардамды өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болду. Учурда трансплантациялык программаны кеңейтүү, заманбап лабораториялык базаны түзүү жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын киргизүү иштери улантылууда.
Балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков акыркы жылдары кызмат сапаттык жактан жаңы деңгээлге өткөнүн белгиледи.
«Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Балдар рагы боюнча Глобалдык демилгесинин катышуучусу болуп саналат. Бул эл аралык дарылоо стандарттарын киргизүүгө жана системаны далилдүү медицина негизинде өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Биздин максат — этап-этабы менен жашап кетүү көрсөткүчтөрүн өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине жеткирүү жана балдардын заманбап диагностика жана терапия ыкмаларына, анын ичинде жилик чучугун трансплантациялоого жана клеткалык технологияларга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу», – деди ал.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев өз сөзүндө CAR-T терапиясын киргизүүгө даярдык көрүү менен катар инновациялык дарылоо ыкмаларын ишке киргизүүнүн зарылдыгына токтолду.
«Балдар онкологиясын өнүктүрүү – бул имидж маселеси эмес, бул сакталган өмүр маселеси. Дарылоо кайрымдуулук каражаттарына көз каранды болбогон туруктуу системаны мамлекет камсыз кылууга тийиш. Биз чет өлкөгө чыгууга мажбур учурларын азайтууга, өлкө ичинде жогорку технологиялуу жардамды кеңейтүүгө жана эл аралык өнөктөштүктү бекемдөөгө багыт алдык», – деп белгиледи ал.
Ошондой эле эрте аныктоо, кадрларды даярдоо жана лабораториялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар ведомстволор аралык кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө, эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана онкологиялык оорулары бар балдардын жашап кетүү көрсөткүчүн жогорулатууга багытталган жаңы долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдиришти. Стратегиялык максаттар 2030-жылга чейин ишке ашырылары белгиленди.
