Кырсыкка кабылган учактын ичинде 180ден ашуун жүргүнчү болгон
видеодон алынган кадр
7 июль

Кырсыкка кабылган учактын ичинде 180ден ашуун жүргүнчү болгон

Бишкектеги "Манас" аэропортунда жантайып калган учактын ичинде 181 жүргүнчү, 2 пилот жана 4 стюардесса болгон. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКдан билдиришти. 

Окуя бүгүн, 7-июлда катталды.

Маалыматка ылайык, TezJet компаниясынын учагы көтөрүлүүгө аракет кылып жатканда арткы шассилеринин бири сынып, сол канатына кыйшайып калган.

Анын натыйжасында авиациялык керосин төгүлүп, учурда жеринде өрт өчүрүү кызматтары иштеп жатат.

"Бардык каттамдар убактылуу токтотулду. Керосин тазаланмайынча учактарды кабыл алуу жана учуруу мүмкүн эмес", — дешти аэропорттон.

Окуянын бардык жагдайларын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлүшү мүмкүн.