
Кыргызстанда 865 профсоюз уюму бар
Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин (СББМР) маалыматтары боюнча 2023-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын аймагында 865 кесиптик бирликтер катталган, алардын саны 2019-жылга салыштырмалуу 11,0 пайызга өскөн.
2023-жылы 448 кесиптик бирликтер катталган же жалпы санынын 51,8 пайызы отчет беришкен. Аларда эмгектенген кызматкерлердин орточо жылдык саны 2,4 миң адамды, ал эми бирликтердин мүчөлөрүнүн саны 684,8 миң адамды түздү.
Кесиптик бирликтер 2023-жылы 1 016,8 млн. сом суммасындагы финансылык ресурстар менен камсыздалышкан, алардын негизги көлөмү (91,8 пайызы) мүчөлүк төгүм түрүндө келип түшкөн.