Кыргызстандыктардын үчтөн экисине жакыны жашылча-жемишти жетиштүү өлчөмдө жебейт — ФАО
сүрөт: depositphotos.com
20 октябрь

Кыргызстандыктардын үчтөн экисине жакыны жашылча-жемишти жетиштүү өлчөмдө жебейт — ФАО

Кыргызстандагы чоң кишилердин үчтөн экисине жакыны жашылча-жемиштерди жетиштүү өлчөмдө колдонбойт. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев «Биринчи радионун» «Кыргызстан» программасынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ошол эле учурда ички рынокто жашылча-жемиштер жетиштүү көлөмдө бар.

ФАО Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте тамактануунун калктын ден соолугуна тийгизген таасирин эске алуу менен туура тамактануу боюнча улуттук сунуштамаларды иштеп чыгууда.

Гучгельдыев акыркы он жылда Кыргызстанда жетишсиз тамактануунун деңгээли төмөндөп, жакырчылык кыскарганын жана жаш балдардын тамактануусу жакшырганын белгиледи.

«Өлкө калкты азык-түлүк менен камсыз кылуу милдетин чечти. Эми алдыда туура тамактандыруу милдети турат», — деп баса белгиледи ФАОнун өкүлү.