Бишкекте жылаңач чуркаган киши кармалды
17 апрель

Бишкекте жылаңач чуркаган киши кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь районунда көчөдө чыр чыгарган жаран кармалды. Бул тууралуу 17-апрелде райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя 13-апрелде саат 11:00 чамасында 4-кичи районунда болгон. Окуя болгон жерден тартылган видео буга чейин социалдык тармактарга тараган.

Текшерүүнүн алкагында тартип бузган адамдын өздүгү аныкталып, ал 1995-жылы туулган О.М. экени белгилүү болгон.

Милициянын маалыматына караганда, ал Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турат. Бул факт боюнча текшерүү иштери уланууда.