Медербек Сатыев: Судья болуп, байыш үчүн кызматка келет деген «идеологиядан» баш тартуу зарыл
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев 5-декабрда Ак-Талаа райондук сотуна барды.
Иш сапарынын алкагында ал биринчи инстанциядагы соттун кызматкерлери менен жыйын өткөрдү. Жыйында сот адилеттигинин сапаты боюнча аталган соттун оң жана кетирилип жаткан терс жактары белгиленди.
Жогорку соттун төрагасы кээ бир судьялар арасында байкалган жоопкерчиликсиз мамиледен баш тартууга жана өз ишин адилеттүү, чын дилден аткарууга чакырды.
«Судья болуп, байыш үчүн кызматка келет деген «идеологиядан» баш тартуу зарыл. Адилеттүүлүк сатылбайт. Колу таза эмес, адилеттүүлүктү соодалагандар бул «идеологиядан» баш тартсын жана чын ниети менен иштесин», — деп белгиледи Медербек Сатыев.
Ошондой эле ал соттун эмгек жамаатынын иш шарттары менен таанышып, Сот департаментинин облустук башкармалыгына бир катар протоколдук тапшырмаларды берди.
Жумушчу кабинеттердин жетишсиздигин баса белгилеген төрага, соттордун төрагалары жогорку квалификациялуу юристтер гана болбостон, эффективдүү менеджерлер да болуусу керектигин айтты.